12:43
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Түрк элчиси ФЕТӨ уюмуна мүчө болгондордун тизмеси тууралуу түшүндүрмө берген жок

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго берген ФЕТӨ уюмуна мүчө болгон 130 кишинин тизмеси тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, Түркиянын президенти Кыргызстанга болгон 3 күндүк иш сапарынын соңунда Сооронбай Жээнбековго тыюу салынган уюмга мүчө болгон кыргызстандыктардын тизмесин берген.

«Аталган маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп жатат, азырынча бул жөнүндө эч нерсе деп айта албайм», —деди элчи.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби