16:07
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Эрдоган: Кыргызстанда Феттуллах Гүлендин уюмунун таасири күчтүү

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанда «Фетхуллах Гүлендин террордук уюму» (ФЕТӨ) күчтүү позицияга ээ деп эсептейт. Бул тууралуу ал Кыргызстандан Түркияга учак менен кайтып бара жатканда, түрк журналисттерине билдирген деп жазат Сабах гезити.

«Тилекке каршы, Кыргызстанда олуттуу деңгээлде ФЕТӨ уюму иштеп жатат. Алар мамлекеттик институттарга, аскер түзүмдөрүнөн тарта сот бийлигине чейин кирип алган. Ал тургай алар саясатчыларды коркутуп алышкан. Биз Кыргызстандын өкмөтүнө ФЕТӨ Түркия үчүн эле эмес, ишмердүүлүгүн жүргүзгөн баардык аймактарга кооптуу деп түшүндүрдүк. Бул топтордун билим берүү аракеттери тез арада токтотулушу керек», — деди ал.

Президент билдиргендей, аталган уюм дүйнөнүн 160 өлкөсүндө бар.

Эске салсак, 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда баш аламандык жаралып, белгисиз күч тарабынан бийликти басып алуу аракеттери болгон. Ага Түркия динаятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн болчу. Учурда дин өкүлү АКШда башпаанек алып жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар