16:08
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Түркия президенти ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар деген кишилердин тизмесин берди

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар деп эсептелген шектүү кишилердин тизмесин берди. Бул тууралуу Түркиянын Haberturk басылмасы булактарга шилтеме берип жазып чыкты.

Маалым болгондой, тизмени Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга 2 күндүк расмий сапары менен келгенде кесиптешине тапшырган. Аталган тизмеде жалпы 130 кишинин аты-жөнү, жашаган жана иштеген даректери жазылган.

Эске салсак, 1-сентябрда Режеп Тайип Эрдоган менен Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугушуп, анда АКШда жашаган белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүленге байланыштуу террористтик ФЕТӨ уюму тууралуу сөз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби