01:28
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тартип сакчылары бельгиялык туристтин жоголгон буюмдарын кайтарып беришти

Тартип сакчылары бельгиялык туристтин жоголгон буюмдарын кайтарып беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көргөнү келген турист Кырчын жайлоосунда маданий иш-чараларды көрүп жүрүп сумкасын боз үйлөрдүн бирине унутуп кеткени жарыяланган.

«Вильгельм Шуберт аттуу турист сумкасын Дархан айылынан келген тургундардын боз үйүнө унутуп калган. Үй ээси дароо бул тууралуу милицияга кабар берген. Сумканын ичинде кымбат баалуу фотоаппарат, документтер бар экен, анын баары ээсине кайтарылып берилди», — деп жазылат маалыматта.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума