17:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Көчмөндөр оюндары. Түркия президентинин Твиттерге жазгандары

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Твиттер баракчасына Кыргызстанга болгон иш сапары тууралуу жазып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдайт.

Ал тарыхы бир эки өлкөнүн ортосунда күч алган мамилелердин мындан ары дагы өнүгүшүнө ишене тургандыгын айткан.

«Кыргызстанга болгон иш сапарда улуу урматтуу кесиптешим Сооронбай Жээнбеков менен баарлашып, баардык тармактар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Стратегиялык кызматташтыктын жогорку жыйынына катыштык. ФЕТӨ уюму (Фетхуллах Гүлендин террордук уюму) менен күрөшө турган жалпы маселелер туурасында сөз болду», -деп жазган Режеп Тайип Эрдоган.

Мындан тышкары Түркиянын президенти эки өлкө ортосунда саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү туурасында биргелешкен макулдашууларга кол коюлганын айтып, маданий байланыштарды дагы арттырмак максатында, Бишкекте Имам Сарахси атындагы мечиттин ачылышына катышканын жазган.

«3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катыштык. Кыргызстан дүйнөлүк маданий мурастардын катарына салымын кошту. Дал ошол көчмөндөр оюндары 2020-жылы биздин мамлекетте өтө турган болду», -деп жазган президент.

Ошондой эле, ал меймандостукту жогору туткан кыргыз элине жана президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар