01:35
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Асел Кадырбекова «Жар-жар» айтып кайынсиңдисин күйөөгө узатты

Ырчы Нурлан Насиптин карындашы Чолпонай турмушка чыкты. Өткөн жумада белгилүү ырчы карындашынын «Кыз узатуу» тоюн өткөргөн. Кечээ жаштардын үлпөт тою болду.

Ырчы Асел Кадырбекова жеңелик милдетин биринчи жолу аткарып жатканын жазып чыккан. Чолпонай менен Айбектин тоюнда кайынсиңдисин «Жар-жар» айтып залга алып кирди.

Ырчынын бул жаңылыгын 14 саат ичинде 164 миң киши карап, сахналаштары колдоого алышты.

«Асел сага абдан жарашат экен жар-жар. Айта бер», — дейт Самара Каримова. «Азаматсын кызым», — деп жазган өкүл апасы Неля.

Бугун мен учун эн жакшы кундордун бири. Жалгыз кайын синдимди турмушка узатып, кыргыздын салты менен Женелик милдетимди аткарып, биринчи жолу Жар Жар айтып чыктым. Жаштар бактылуу болсун

Эң көп окулган жаңылыктар