17:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тартип сакчылары Чүйдө 49 бала кайыр сурап жан бага тургандыгын аныктады

Чүй облусунун тартип сакчылары аталган аймакта 49 бала кайыр сурап жан бага тургандыгын аныктады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалым болгондой,  Чүй ОИИББ өткөн жумада «Кайырчы» рейдин өткөрүшкөн. Ага 360 милиция  жана башка укук коргоо органдарынын 61 өкүлү тартылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө базарлар, унаа жана темир жол бекеттери, компьютердик клубдар жана жер төлөлөр текшерүүгө алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар