01:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жашы жете элек балдары менен кайыр сураган өзбекстандын жараны аныкталды

Бишкекте тогуз жана бир жаштагы балдары менен тилемчилик кылган келин Өзбекстан жараны экендиги аныкталды. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, WhatsApp мессенджери аркылуу кабарланган жаш балдары менен кайыр сурап жүргөн келин табылды.

«25-январда кечки саат 20.00 чамасында Т. Сатылганов Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы өтмөктө Өзбекстандын 1993-жылкы жараны жана анын 2009-2019-жылы туулган эки баласы табылды. Келин Ленин райондук ИИБсине жеткирилип, тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар