22:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ош облусунда унаа 8 жаштагы баланы сүзүп кетти

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен жеткинчек бала каза тапты. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Ноокат районунун 33 жаштагы тургуну Т.С. Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, жол четинде турган 8 жаштагы баланы жана анын 35 жаштагы атасын сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен бала окуя болгон жерден каза болгон, ал эми атасы жаракат алган.

Учурда текшерүү иштери жүрүүдө. Окуя Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар