19:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жер сатам деп алдап акча алгандар колго түштү

Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарындагы сурьма комбинатынын жерин сатам деп бир канча тургундан алдап акча алып жүргөн эки киши кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жыл башынан бери милицияга жергиликтүү 7 тургун арызданышкан. Алар комбинаттын жерин сатам деп акча жана унааларды алып качып жүргөн шектүүлөргө карата чара көрүүнү суранышкан.

Окуяга шектүү катары 39 жаштагы Э.С. жана 59 жаштагы И.С. аттуу жарандар кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар