10:09
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Казак ТИМи АКШда үч казакстандык кармалганын ырастады

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШда алдамчылык ишинин алкагында үч казак жараны кармалганын ырастады.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өлкөнүн 1994чү жана 1991-жылы туулган эки жараны учурда камакта. 1970-жылкы дагы бир жаран ден соолугуна байланыштуу эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулган.

24-июлда АКШнын Юстиция министрлиги бул иш боюнча 25 киши, анын ичинде Казакстандын, Азербайжандын, Грузиянын, Латвиянын, Түркиянын, Украинанын жана АКШнын жарандары айыпталып жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, айыпталуучулар интернетке автоунаа сатыла тургандыгы жөнүндө жарыяларды жайгаштырып, алдангандардан алынган акчаны жалган компаниялар аркылуу АКШнын сыртына которуп турушкан. Бул схема 2016-жылдын ноябрынан 2018-жылдын июлуна чейин иштеп келгени кабарланууда. Шектүүлөр мындай жол менен төрт миллион долларга жакын акча табышкан.

Алдамчылык кылуу жана акчанын изин жашыруу үчүн кутумга баруу беренеси менен айыпталып жаткан шектүүлөр 20 жылдан 30 жылга чейинки мөөнөттөргө түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар