15:11
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Бишкекте издөөгө алынган Казакстандын эки жараны кармалды

Бишкекте өз өлкөсүндө экономикалык кылмыштар үчүн издөөгө алынган Казакстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылы бир нече жаран Кыргызстандан Казакстанга аткезчилик жол менен товарларды ташуу үчүн, активдүү уюшулган топту түзүшкөн. Аталган топтун мүчөлөрү башында түзүлгөн план аркылуу мыйзамдуу документтердин коштоосу жок аткезчилик менен алектенип жүрүшкөн.

Былтыр Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө кызматы кылмыш ишин козгогон. Соттун чечими менен аткезчиликке жана улуттар аралык УКТны түзүүгө айыпталган бир катар жарандар соттолгон. Ошондой эле, Казакстандын дагы бир нече жарандарына карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынып, аларга издөө жарыяланган.

«Издөөгө алынган жарандар Кыргызстындын аймагында жашырынып жүрүшөт деген маалымат түшкөн. Атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде, Бишкектен Казакстандын 1990-жылы туулган Е.Ж. жана 1983-жылы туулган А.А. аттуу жарандары кармалышты», -деп билдиришти ИИМден.

Эң көп окулган жаңылыктар