04:53
USD 86.69
EUR 94.00
RUB 1.03

Терроризмге үгүттөөгө шектелген казакстандык жаран Бишкектен кармалды

Терроризмге үгүттөөгө шектелген казакстандык жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 20-майда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын 1994-жылы туулган Б.Т. аттуу жараны кармалды. Ал өз өлкөсүндө Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 1-бөлүмү (терроризмге үгүттөө жана ачык түрдө террористтик актыларды жасоого чакыруу) менен 313-беренесинин 1-бөлүмү (ырайымсыз зомбулукту жана кыйноолорду пропагандалаган чыгармаларды мыйзамсыз жайылтуу) боюнча издөөгө алынган.

Кылмыш иши 2018-жылдын май айында козголуп, ошол эле айда издөө жарыяланган. Ал Бишкек шаарында батирде жашап жүргөн. Учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар