16:19
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Азиада-2018: Казак велосипедчиси өлкөсүнө экинчи алтын медаль алып келди

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында казакстандык велосипедчи Алексей Луценко чемпион аталды. Күмүш медалга жапониялык Фумиюки Беппи, колого таиланддык Навиту Липхонию ээ болду.

Луценко 2014-жылы дагы Азиадада алтын медаль уткан.

23-августта мындан тышкары казакстандык Александра Опачанова эркин күрөш боюнча коло медаль тагынды.

Жакартада өтүп жаткан Азия оюндарынынын жалпы командалык рейтингинде Казакстан эки алтын, алты күмүш жана он беш коло медалы менен 12-орунда келе жатат. Казак курамасына алгачкы алтынды фехтования боюнча мелдештерге катышкан Дмитрий Алексанин алып келген. Азия оюндарына Казакстандан жалпысынан 440 спортчу катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар