09:06
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Казакстан: Мектептерге жакын жайгашкан мечиттер түрттүрүлбөйт

Казакстан Коомдук өнүктүрүү министрлиги мектептердин жанында жайгашкан диний жайларды бузбай турганын билдирди.

Өткөн жумада жергиликтүү басылмалар мектептен 300 метрге чейинки аралыкта жайгашкан мечиттердин бузулушу ыктымал экенин жазышкан. Коомдук өнүктүрүү министрлиги иштеп жаткан диний мекемелердин имараттарын түрттүрүү талаптары мыйзамда көрсөтүлбөгөнүн айтып, алардын бузулбай турганын белгиледи.

Ошол эле маалда министрлик 2017-жылы 9-июнда дин иштери жана жарандык коом министринин буйругу менен кабыл алынган нускаманын 7-пунктуна шилтеме жасады.

Ага ылайык, диний иш-чараларды өткөрүүгө арналган имараттар (диний билим берүү мекемелеринен тышкары) мектептерден кеминде 300 метр алыс жайгашуусу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар