11:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жайкы Азия оюндары. Кыргызстандын атынан 6 балбан катышат

Индонезияда өтө турган грек-рим күрөшү боюнча Жайкы Азия оюндарына Кыргызстандын атынан бара турган спортчулардын ысымдары белгилүү болду. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган иш-чарага  6 балбан катышат. Аларды жетектеп башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев барат.

Курама команданын тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде Каныбек Жолчубеков;

67 килограммга чейинки салмак ченинде Амантур Исмаилов;

77 килограммга чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов;

87 килограммга чейинки салмак ченинде Самат Шырдаков;

97 килограммга чейинки салмак ченинде Үзүр Жусупбеков;

130 килограммга чейинки салмак ченинде Мурат Рамонов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби