03:19
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Индиянын Тышкы иштер министри Сушма Сварадж Кыргызстанга келет

Индиянын Тышкы иштер министри Сушма Сварадж Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу Hindustan Times басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, индиялык министр Борбор Азияга болгон иш сапардын алкагында Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды кыдырат. Ал Кыргызстанга 3-4-август күндөрү келет. Анда эки тараптуу кызматташтык маселелери каралмакчы.

Кошумчалай кетсек, индиялык министр Кыргызстанда кесиптеши Эрлан Абдылдаев менен жолугушат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума