14:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жаңы төрөлгөн 10 миңден ашуун балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди

Жыл башынан бери Бишкек жана Ош шаарларында жаңы төрөлгөн 10 миңден ашуун  балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган документти каттоо кызматынын кызматкерлери төрөт үйлөрүндө беришет. Тактап айтканда Бишкектеги № 1, № 2 төрөт үйлөрүндө, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, шаардык гинекологиялык ооруканада, Ош облустар аралык ооруканасында берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар