13:26
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

2030-жылдан баштап 18 жашка чейинки балдардын саны 29 пайызга чейин төмөндөйт

2030-жылдан баштап Кыргызстанда калктын картаюсу башталат, башкача айтканда улгайгандардын саны 10 пайыздан аша баштайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргызстандын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумда билдирди. 

«Ошол эле убакта 18 жашка чейинки балдардын саны азыркы 33 пайыздан азайып, 29 пайызга чейин төмөндөйт», -деди мамлекет башчы.

Айтымында, Кыргызстан- региондогу эмгек өндүрүмдүүлүгү эӊ төмөн өлкө.

«Келе жаткан санарип жана инновациялык технологиялардын заманы жогорку квалификациялуу кызматкерлерди талап кылат. Бирок, бүгүн 7 жаштан 14 жашка чейинки балдардын ичинен 51 пайызы гана эсептөө жөндөмүнө ээ болушкан», -деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар