18:31
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Президент: Интернат мекемелерине жөнөтүлгөн балдардын саны азайган жок

Интернат мекемелерине жөнөтүлгөн балдардын саны азайган жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган Улуттук форумда билдирди. 

Айтымында, жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүлөр жетишсиз.

«Социалдык коргоо, асыроо, камкордук жана көзөмөлчүлүк системасында кемчиликтер жана коррупциялык элементтер дале жоюла элек. Коомдо коргоосуз калган балдар зомбулукка, кемсинтүүгө дуушар болгон учурлар көбөйүүдө. Тарыхы, ата-бабалардын улуу жолу мындай көрүнүштү жериген коом, гуманисттик дөөлөтөрдү карманган өлкө катары — кырдаалды жакшыртуу үчүн, кескин чараларды көрүүбүз абзел. Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар, мамлекеттик эмес уюмдар, жалпы коомчулук жапа тырмак киришип, бул жагдайды өзгөртүүбүз зарыл», -деди мамлекет башчы.

Эң көп окулган жаңылыктар