Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы мурунку мэр Албек Ибраимовдун жактоочусунун арызынын негизинде баш коргоо чарасын карап чыкты. Жактоочу Албек Ибраимовду камактан чыгарууну суранган.
Анын айтымында, мурунку мэрдин кармалышы мыйзамсыз.
Соттук коллегия Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырып, Албек Ибраимов УКМКнын тергөө абагында 29-августка чейин калмай болду.
Албек Ибраимов жемкорлукка айыпталууда.