04:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мурунку мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралып жатат

Бишкек шаардык сотунда мурунку мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралып жатат. Соттолуучунун жактоочусу Сергей Слесаревдун айтымында, тергөө иштери кылмыш-процессуалдык мыйзамды бузуу менен жүргүзүлдү. Айрыкча, мурунку мэрди кармоо тартиби. 

Жактоочунун маалыматына караганда, Биринчи Май райондук соту Баш мыйзамдын принциптерин бузду. Ал соттук отурум жабык өткөнүн айтып, ага туугандары, жакындары, журналисттер киргизилбегендигин кошумчалады.

Эске салсак, 2012-жылдын январь айында «ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен «Дастан Инжиниринг» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Асылкүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Анда ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган.

Ал эми «Дастан» мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы Украинанын мамлекеттик чарбалык эсеп компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган. Аларды алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон.

Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде, мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар