10:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Пара талап кылган салык кызматкери кармалды

Бишкектеги Свердлов райондук салык кызматы башкармалыгынын кызматкери тарабынан пара алуу фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мекемеге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, салыкчы андан ишти оң жагына чечип берем деп акча талап кылганын айткан. Кылмышка шектүү 15 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды.

Бишкек шаардык прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби