Өзгөн районунун Жазы айылындагы унаа кырсыктан 24 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Маалыматка караганда, кырсыктын улам алган жаракаттарынын кесепетинен Кызыл-Дыйкан айылынын 1994-жылы туулган тургуну мерт кетти. Анын 1994-жылы туулган айылдашы ар кандай жаракаттары менен райондук ооруканага жеткирилди. Учурда аталган кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.