Ж.Баласагын атындагы КУУнун кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, ведомствого аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү кайрылып, кафедра башчысынын дипломдук ишин жактоодо ишти оң жагына чечип берем деп, 400 доллар талап кылгандыгын айткан.
Аталган окуу жайдын кызматкери 27 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.