«Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышарга теңи жок» аттуу республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.
Маалыматка караганда, калыстардын тандоосу боюнча баш байгени Кубат Тукешов, 1-орунду Асылбек Маратов, 2-орунду Изат Айдаркулова, 3-орунду Абдылда Нуралиев ээледи.
Ал эми акындарды тандоодо Күмөндөр Абылов, Садак Алахан, Шайырбек Абдрахманов, Зайырбек Ажыматов, Олжобай Шакир калыстык кылышты.

