22:24
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Таш-Көмүр шаарында 20 сотых жерде өсүп турган кара куурай жок кылынды

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай айыл аймагында 20 сотых жерде өсүп турган кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, шаар аймагында 600 түптөй жапайы кара куурай тартип сакчылары тарабынан өрттөлдү.

Эске салсак, кара куурайды жок кылуу иш чаралары Жалал-Абад облусунун башка аймактарында да жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар