22:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кызыл-Кыя: милиция кызматкерлери батирде чыккан өрттөн эки баланы куткарышты

Кызыл-Кыядагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн милиция кызматкерлери эки баланы куткарып калды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак үйдүн үчүнчү кабатынан өрт чыккандыгы боюнча билдирүү түшкөн.

«Окуя болгон жерде сураштыруу иштери жүргүзүлүп, өспүрүм кыз менен төрт жаштагы иниси уктоочу бөлмөдө калып кеткендигин такталган. Ошол эле замат төрт милиция кызматкери күйүп жаткан үйгө кирип, аларды куткарып, тез жардам кызматына көрсөтүшкөндөн кийин апасына тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

 
Эң көп окулган жаңылыктар