12:36
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бишкек жылуулук электр борборунда химиялык цех 1-октябрга чейин курулат

Бишкек жылуулук электр борборунда химиялык цех 1-октябрга чейин курулат. Бул тууралуу экономика тармагын жана калкты жылуулук мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын отурумунда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Улуттук энергохолдинг компаниясынын өкүлү Азамат Абдыкадыров жаңы химиялык цехтин курулушу ноябрдын башында башталат деп билдирген.

«Эгерде кар октябрда жаап, суук болсо кантебиз? Химиялык цехтин жоктугунан улам, былтыр ЖЭБде кырсык болду. Ишти 1-октябрга чейин бүтүргүлө», —деп тапшырды премьер-министр.

Эскерте кетсек, кышында ЖЭБте кырсык болуп, беш күн шаардагы үйлөр тонгон. Аны химиялык цехтин жоктугу менен байланыштырышкан. Учурда кылмыш иши козголуп, энергетика тармагындагы бир нече аткаминерлер жана эки мурдакы премьер-министр камакта. 

Эң көп окулган жаңылыктар