01:37
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чегирткелерге каршы. Фермерлер чыгымга учурашкан жок

Адистердин ыкчам аракеттеринен улам, чегирткелер  айдоо жерлеринин бир дагы гектарына зыян беришкен жок. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, зыянкечтердин талааларга кол салуусу 10 жылда бир жолу кайталанып турат.

«2018-жылы химиялык тазалоого атайын акча каражаты өз убагында бөлүнгөн. Мындан улам, бир дагы айдоо аянты зыян тарткан жок деп айта алам. Фермерлер чыгымга учурашкан жок», — деди аткаминер.

Чегирткелер республикадагы 136 гектар айдоо аянттарына жайылган. Адистер айдоо жерлердин 94 пайызын химиялык жол менен тазалап чыгышты.

Эң көп окулган жаңылыктар