10:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Быйыл 61 миң 910 гектар жер аянты зыянкеч чегирткелерге каршы химиялаштырылды

Быйыл 61 миң 910 гектар жер аянты зыянкеч чегирткелерге каршы химиялаштырылды. Бул тууралуу Айыл чарба, мелиорация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-2018-жылдары республикада зыянкеч чегирткелердин массалык каптоосу болгон. 2017-жылы өлкө аймагы боюнча 106 миң 979 гектар жер химиялаштырылса, былтыр 146 миң 034 гектар жерге химия заттары чачылган.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн сактоо боюнча былтыр жайында өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Быйыл 21-июнга карата республика боюнча 61 миң 910 га жер аянты химиялаштырылса, Жалал-Абад боюнча 30 миң 670 гектар, Ош аймагында 9 миң 750 гектар, Баткенде 3 миң 500 гектар, Нарын облусунда 11 миң 760 гектар, Чүй облусунда 6 миң 230 гектар жер аянттарына химиялык заттар чачылды.

Эң көп окулган жаңылыктар