USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Түркияда 18 миң мамлекеттик кызматкер иштен алынды

08:36, 09 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Түркия бийлиги ар кайсы министрлик, ведомстволордогу 18 миңден ашуун кызматкерди иштен айдады. Бул тууралуу жекшембиде күчү мыйзамга барабар болгон өкмөттүн жарлыгында белгиленген.

Жарлык «Расмий гезитке» басылды.

 

Иштен алынгандардын ичинде: 8 998 полиция өкүлү, 3 077 аскер кызматкери, 1 949 авиация кызматкери, 1 126 аскер-деңиз флоту кызматкери, 1 052 Юстиция министрлигинин кызматкери, 199 академик бар.

Кызматтан айдалгандар мамлекеттик кызматкерге таандык болгон артыкчылыктардан кол жууйт жана алар мындан ары мамлекеттик түзүмдөрдө иштей албайт.

Мындан тышкары жакын арада үч гезит жана бир телеканал жабылат.

Түркияда 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен бери Түркиянын аймактарында Гүлендин кыймылына тиешеси бар деген негизде кеминде 110 миңден ашуун киши кызматтан четтетилген. Элүү миңдей киши камакка алынган.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика