02:45
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

ТИМ: Түркияда кыргызстандык аялдын сабалышы. Бала апасына өткөрүлүп берилди

Тышкы иштер министрлиги Түркияда күйөөсү аны сабап, баласын тартып алган кыргызстандыкка байланыштуу окуяга ыкчам чара көрдү.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугуна Түркия Республикасынын жараны күйөөсү кыргызстандык жаранды сабап салганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Түркиянын укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында бала ошол эле күнү апасына өткөрүлүп берилген.

Жергиликтүү милиция жабырлануучунун күйөөсүн кармап, кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселесин карап жатат.

Тышкы иштер министрлиги бул маселени көзөмөлгө алууда. Башкы консулдуктун кызматкерлери консультациялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн жабырлануучу жана адвокаттар менен байланышта.

Эң көп окулган жаңылыктар