19:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дем алыш күндөрү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт

7-июлдан 9-июлга чейин өлкөнүн бардык аймактарында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +35...40 градус, тоо этектеринде +31...36 градус, Суусамыр өрөөнүндө +30...35, Ысык-Көл ойдуңунда +27...32, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +31...36, тоолуу райондордо +21...26, бийик тоолордо +15...20 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар