18:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте эки милиция кызматкери сабалды

Бишкектеги Ош базарынын жанынан эки милиция кызматкерин сабап кетишти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош базарда сумкасына тапанча салып көтөрүп жүргөн кишиден тартип сакчылары документин көрсөтүүнү талап кылышкан.

Кылмышка шектүү каршылык көргөзүп, элден жардам сураган. Ошол маалда тегеректе тургандар жардамга келип, милиция кызматкерлерин ур-токмокко ала башташат. Укук коргоо кызматкерлери окуяны түшүндүрүүгө аракет кылганы менен, жардамга келгендер алардын сөзүн уккан эмес.

Алдын ала алынган билдирүүгө ылайык, кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Т.М. аттуу жаран кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар