11:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Алтын сертификат». Өзгөчө үлгүдөгү документке 66 бүтүрүүчү ээ болду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырды.

Өзгөчө үлгүдөгү документке 66 бүтүрүүчү ээ болду. Мындан тышкары аларга акчалай сыйлык жана ноутбук тапшырылды.

2018-жылы ЖРТ боюнча жогорку баллга ээ болгон 59 жеңүүчү аныкталган. Кийинчерээк региондордогу мектептерде 216 балл алган 7 окуучу кошулган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума