07:39
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргыз-казак чек арасынан баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Казакстандан Кыргызстанга 8 килограмм баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Чүй облусуна караштуу Степное айылынан 50 метр алыстыкта орун алган кыргыз-казак чек арасында, 1981-жылы туулган А.С. аттуу жаран чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган. Аны текшерүү маалында жанынан 8 килограмм баңгизат табылды.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кыргызстандык ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар