07:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолушунун себеби айтылды

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Бирок жүктөрдүн агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу «Ак-Тилек» жана «Чалдыбар» көзөмөл өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу байкалууда.

«14-март саат 12.30га карата «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде Кыргызстандан чыгууга 430 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Өткөн суткада «Ак-Тилек» өткөрмө пункту аркылуу Казакстанга 342 автоунаа кирген», — деп билдирди мекеме.

«Чалдыбар» өткөрмө пунктунун алдында Кыргызстандан Казакстанга кире турган 90 жүк ташуучу унаа катталган.

Чек ара кызматы тез бузулуучу азык-түлүк жана жаныбарлар менен өткөн транспорт каражаттары кезеги жок өткөрүлөрүн эскертти.

«Белгилей кетсек, Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстан Республикасынын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок», — деп билдирилди маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар