21:31
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Жогорку окуу жайлары Жаңы жылдан кийин ачылат

Жогорку окуу жайлары Жаңы жылдан кийин ачылат. Бул тууралуу өзүнүн Twitterдеги баракчасына вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жазып чыкты.

Ал жарандарды бир аз чыдап турууга чакырды. «Бала бакчаларын ачуу маселеси шаарларда татаалыраак, аны чечип жатабыз. Оор абалдагы жана өнөкөт оорулуулардын агымын көтөрө алабызбы — маселе ошондо», — деп жазды ал.

Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, мектептер жабылгандыктан, ата-энелер мугалимдер менен сүйлөшүп, акча төлөп, балдарын өзүнчө окутуп жатышат.

«Мектептерди ачуу боюнча бир гана маселе турат — окуу жайларын ата-энелердин жана мугалимдердин өтүнүчү менен ачуу. Алар ижарага бөлмө алып, балдарын окутуп жатышат. Мындай махинациялардын мааниси барбы?» — дейт аткаминер айым.

Эң көп окулган жаңылыктар