08:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кубат Оторбаев камоодогу Сапар Исаковдун ал-ахыбалын сурап кайтты

Кыргызстандын акыйкатчысы УКМКнын тергөө абагында жаткан мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, депутаттар Осмонбек Артыкбаев, Канатбек Исаев, Жалал-Абад шаарынын мурунку мэри Салайдин Авазов менен жолугушту.

Аталган институттун берген маалыматы боюнча, Кубат Оторбаев соттолгондордун кармоо шарттары менен таанышып чыкты.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, акыйкатчы соттолгон аткаминерлердин ар бири менен жолугушту. Анда Салайдин Авазов акыйкатчыдан үй-бүлөсү менен кезиктирип коюуну суранган. Жантөрө Сатыбалдиев болсо жактоочусун киргизбей жатканын айтып нааразы болгон. Осмонбек Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнгөн.

Ал эми калган аткаминерлердин кармоо шарттарына карата нааразычылыктары жок.

Буга чейин маалым болгондой, Сапар Исаков жубайы менен жолугушууга уруксаат алган.

Эске салсак, аты аталган аткаминерлердин баарына Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума