23:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чүйдүн тургуну короосуна баңгизат даярдала турган өсүмдүктү өстүргөн

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда үйүндө баңгизат даярдала турган өсүмдүктү өстүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Романовка айылынын 55 жаштагы тургуну Г.К. үйүнүн короосунда 208 түп баңгизат даярдалчу өсүмдүк өстүргөнү аныкталды.

Учурда Сокулук РИИБнын кызматкерлери табылган өсүмдүктөрдү экспертизага беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар