Кыргызстандын курама командасы аялдар күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Chine Open аталышындагы спорттук мелдеш 22-23-июнь күндөрү Кытайдын Тайюань шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Марсбек кызы Назира катышат.
Балбан кыздарды жетектеп машыктыруучу Нурбек Изабеков бармакчы.