05:19
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кызыл камчы күйөөсүнөн токмок жеген жабырлануучу ооруканадан чыкты

Кызыл камчы күйөөсүнөн токмок жеген жабырлануучунун абалы турукташып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Акжүрөк» Кризистик борборунун директору Дарига Асылбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда тергөө жүрүп жатат. Чоң муштум күйөөгө четке чыкпоо тууралуу эскертүү берилген. 

«Жабырлануучу ооруканадан чыкты. Азыркы тапта ага психологиялык жана юридикалык жардам берилүүдө», — деди Дарига Асылбекова.

Эске салсак, аталган борборго 33 жаштагы аял күйөөсү токмоктогонун айтып кайрылган. Анын денесинде көк ала тактар жана сынган жерлери болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар