06:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ош шаарында тургун өз энесин таягы менен сабады

Ош шаарында тургун өз энесин таягы менен сабады. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өз энесине кол көтөргөн жаран мурда сот жообуна тартылган.

41 жаштагы С.Э. ѳзүнүн 75 жаштагы энесин мас абалында ур-токмокко алып, кемпирдин таянып жүргѳн таягы менен сабаган. Жыгылып калган энесин таяк менен муунтуп, акча таап беришин талап кылган.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, жабыркаган аял Ош облустук ооруканага жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар