Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда мектеп окуучусун зордуктаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган облустун ИИБсы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-июнда өспүрүм кыз экзаменге даярдануу үчүн кошунасыныкына кетип, дайынсыз жоголгон. Кийинки күнү кыздын атасы милицияга кабар берген.
«Ыкчам издөө иш чарасынын негизинде 11-класстын окуучусу табылган. Аны азиат улутундагы белгисиз жаран зордуктаганы маалым болду. Кылмышка шектүү делип Ала-Бука районунун тургуну кармалды. Ал күнөөнү мойнуна алып, унаадан зордуктаганын айткан», -деп жазылат маалыматта.