Бишкек шаарынын Кустанайский көчөсүндө кызды сабаган киши Тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 29 жаштагы Ш.Ж. аттуу жаран 11-июнга чейин абакта олтурат.
11-апрель күнү Кустанайский көчөсүндө аял киши жолдо өтүп бара жаткандардан жардам сурап кайрылган. Ал эркек киши аны өлтүрөм деп коркутуп, кол көтөргөнүн айткан.