Талас облусунда биринчи топтогу майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип анын айылдашы кармалганын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жергиликтүү тургун милицияга 18-апрелде арыз менен кайрылып, анда 30 жаштагы карындашын айылдашы зордуктаганын жазган. Шектүү зордуктоо тууралуу дооматты четке каккан.
Кыз соттук-медициналык экспертизадан өткөн, денесине жаракат келтирилбегени аныкталган.
Шектүү кылмыш жаза кодексинин 37-беренеси («Кылмыш жасоого аракеттенүү») жана 154-беренеси («Зордуктоо») менен айыпка тартылып, облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал тараптан комментарий боло элек.