Чүй облусуна караштуу Кемин районунда жол кырсыгынын кесепетинен 10 жаштагы бала мерт кетти. Бул тууралуу ИИМдин Жол коопсуздук кыймылын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек – Торугарт унаа жолунун 86-чакырымында “Тойота Хариер” үлгүсүндөгү унаа Жаңы-Алыш айылынын 2008-жылкы жашоочусун сүзүп кеткен.
Жабыркаган бала ооруканага жетпей каза болду.