USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

500 килограмм баңгизаты менен Казакстандын жараны кармалды

10:48, 14 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Казакстандын жараны Чүй облусунан 500 килограмм баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 11-июнда ИИМдин баңгизатты сатууга каршы күрөшүү кызматынын тартип сакчылары Аламүдүн районунда «Aуди» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны коңшу өлкөнүн 57 жаштагы А.С. аттуу жараны башкарып бара жаткан. Унааны тинтүү маалында 30 литрлик 14 май куюучу челектен жалпы салмагы 500 килограммды түзгөн сары түстөгү өзгөчө жыты бар суюктук табылган.

Кармалган жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика