20:47
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

АКШ Тажикстандагы диний абалга кабатыр

АКШ Мамдепартаменти 29-майда дин тутуу эркиндигинин эл аралык абалы тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Тажикстандагы абал «өзгөчө тынчсызданууну» жаратып жатканы белгиленген.

Кошмо Штаттар 2017-жылы тажик бийлиги 220дан ашуун кишини экстремизм айыбы менен камаганын билдирди. Аларын көбү бул өлкөдө тыюу салынган «Салафия» жана «Ислам мамлекети» тобуна тиешеси бар деп табылган. ИМ көзөмөлдөгөн аймактардан мекенине өз эрки менен кайтып келген 13 киши мунапыс менен бошотулган.

Баяндаманын авторлору Тажикстанда диний азчылык уюмдар, анын ичинде жалгыз синагога катталбай жатканын, «Жахаба күбөлөрүнө» тыюу салынганын билдирген.

​Тажикстан ИИМи бардык мечиттерде видеокөзөмөл камераларын орноткон. Мамлекеттик департамент хиджаб кийген аялдар менен сакал койгон эркектер куугунтукталып жатканына тынчсызданууда.

Баяндамада бийлик жарандардын «экстремисттик уюмдарга» кошулуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатканы белгилеген. Буга чейин Тажикстан Дин иштери боюнча комитети «экстремизмге» өкмөттү кулатууну үгүттөө дагы кирерин билдирген.

​2017-жылы коомдук жайлардын алдында 2 миңдей мечит уюштурулган, 3900 диний мекеме расмий түрдө мечит деген макам алган. 2017-жылы августта Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитет аялдардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Маалыматтарга караганда, 8 миң аялдын 90 пайызын диний кийимдерден баш тартууга көндүрүүгө мүмкүн болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар